Сариев: "Текебаев менин премьер-министрликтен эмне себептен кеткенимдин бир четин гана айтып берди"

Бүгүн, 30-сентябрда журналисттер менен жолугушуусунда экс-премьер-министр Темир Сариев премьер-министрликтен эмне себептен кеткени боюнча өз оюн айтып берди.

"Мени өкмөт башчылыктан кетирүү үчүн бир топ шылтоолорду пайдаланууга аракеттенишкен. Үңкүр-Тоо маселеси, бийик тоолуу райондордун жашоочуларына жеңилдиктер, үйлөрдү жана унааларды камсыздандыруу боюнча ызы-чуу чыгарып жатышкан. Бул маселелер улам-улам парламентте каралып, айрымдар кыйкырып жатышты. Мунун баары шылтоолор болчу, бирок негизги себеби башкада эле. Мүмкүн, кээ бир адамдар түзгөн саясий конструкциясына Сариев батпай жаткан. Же болбосо Сариевдин басыгы катуу болуп кеткен. Эми убагы келгенде бир топ адамдар айтышса керек. Текебаев бир четин айтып бербедиби. Калганын эми айтаттыр", - деди Сариев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев "президенттик аппарат Т.Сариевди жеке кызыкчылыктары үчүн премьер-министрликтен кетирген" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан