Белгилүү модель, ар бир чыгуусу менен коомдо ызы-чуу жаратып келген Ким Кардашьянды белгисиз бирөөлөр Париждеги мейманканалардын биринде туткунга алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 3-октябрда жазып чыгышты. Модель аталган шаарга Мода жумалыгына келген.
"Куралчан, полиция кызматкерлериндей кийинген бет капчан эки эркек бүгүн түндө мейманканада Кардашьян эс алып жаткан бөлмөгө кирип келишип, аны туткунга алышкан. Модель аябай коркуп калган, бирок денесине залал келтирилген эмес", - деп билдирген моделдин жардамчысы. Кол салуу болгонун Кардашьяндын күйөөсү, рэпер Канье Уэст да тастыктаган. Ушул окуяга байланыштуу ал Нью-Йорк шаарындагы концертин токтоткон.
Кийинчерээк, моделди курал менен коркутуп 5 эркек тоногону, анын бир нече миллион долларлык кымбат баалуу жасалга, буюмдарын уурдап кеткени, окуядан эч ким жабыр тартпаганы аныкталган. Окуя тууралуу учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Ким Кардашьян бир нече жылдан бери "People", "Forbes" басылмаларынын аныктамасы боюнча дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын катарын толуктап келет. Анын жылдык кирешеси 51 миллион долларды түзөт. "Кардашьяндын үй-бүлөсү" реалити-шоусу ага ийгилик, атактуулук алып келген. Ошондой эле ал өзгөчө ачык кийинүүсү, келбети менен дайыма социалдык тармактарда, коомдо кызуу талкууга алынып келет.