Депутат Шыкмаматов "Жер-Үйдөн" түшкөн 100 миллион доллар мектептерге эмес, ипподромду курууга жана бюджетти жамоого кеткенине нааразы

"Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө укук берүүчү лицензияны сатуудан түшкөн 100 миллион доллар ипподромду курууга жана бюджетти жамоого кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, бул каражат өлкөдөгү мектептерди курууга багытталыш керек болчу. "Учурда 100гө жакын мектептин курулушу бүтпөй турат. Акчанын жоктугунан куруучу ишканалар Каржы министрлигине улам-улам кайрылышууда. Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушуна кеткен чыгым 1,5 миллиард сомго жогорулатылган. Башында 800 миллион сомго бааланган болчу", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан