Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевге мураскер болушу мүмкүн. Мындай божомолун эксперт Тамерлан Ибраимов 5-октябрда Бишкекте "Саясий сезон-2016: Максаттар жана тобокелдиктер" деген темада өткөн тегерек столдо билдирди. Ал эми серепчи Марат Казакпаев мураскер ким болору жакында бүт республикага билинерин айтты. Анын билдиришинче, мураскер КСДПдан болот жана жарым жылдын ичинде аты-жөнү билинет.
Тегерек столдо Конституцияны өзгөртүү демилгеси, 2016-жылдын декабрына дайындалганы жаткан референдум талкууланды. Серепчилердин пикиринде, конституциялык реформанын жыйынтыгы олуттуу өзгөрүүлөрдүн башаты боло албайт. "Реформа бир нерсени өзгөртүп жиберет деп ойлобойм. Бийликке ким келсе, Баш мыйзамды кайрадан жазып чыгууну баштайт. Бийлик үчүн адаттагыдай күрөш улана берсе ушундай болот", - деди Ибраимов.