Анжелина Жоли ажырашууга расмий арыз берген соң анын үй-бүлөсү коомчулуктун, басылмалардын такай көзөмөлүнө түшкөн. Андыктан ашыкча көңүл буруулардан алыс болуу үчүн Жоли башка шаарга көчүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Жоли 20-октябрга чейин өзү жалгыз балдарына көзөмөлдүк кылуу укугун алган. Андыктан Пакс, Шайло, Вивьенн, Нокс, Захара жана Мэддокс актриса менен бирге жашап турмакчы. Мындан бир топ күн мурун актриса өзү жашаган чоң үйүн таштап башка жакка көчкөн, бирок папараццичилер бат эле алар жашаган жайды таап, сүрөттөрүн жарыялагандыктан, Жоли дагы башка тарапка көчүп кетүүнү чечкен. Бул жолу Америкадагы жабык жана эң бай аймак деп эсептелген Лос-Анжелестеги Хидден-Хиллс округу тандалып алынган. Маалыматтарда аталган жайга бир да журналист, кабарчы жана сүрөтчүлөр кире албай турганы айтылат. Актриса алган үйдүн бир айлык ижара акысы 30 миң доллар турат.