Токтогул районунда 10 килограмм баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБине "эки жаран сатуу максатында чоң көлөмдөгү баңгизат алып кетүүдө" деген маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында Чоң-Арык айылынан Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, 28 жаштагы К.М. аттуу айдоочусу жана 31 жаштагы Э.А. аттуу жүргүнчүсү тинтүүгө алынган. Тинтүү иштеринин алкагында унаанын ичинен жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн марихуана табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.