Министр Кудайберген Базарбаев кызматтан кетери айтылууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев кызматтан кеткени жатат. Маалыматты 10-октябрда жеке булактарыбыз билдиришти. Айтылгандарга таянсак, КСДПнын атынан дайындалган өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбеков министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылган. Мындан улам Базарбаев өз арызын жазып, кызматын тапшырып берет.

Парламенттин тармактык комитети түзгөн жумушчу топ аталган министрликти мамлекеттик социалдык буюртма программасын ишке ашырууда коррупциялык тобокелчиликти түзгөн деп айыптоодо. Акыркы кездери жалаң "ата мекенчилердин" кызматтан бошотулуп жатышы жөн гана дал келүүбү же чын эле куугунтукпу?

Эскерте кетсек, Кудайберген Базарбаев аталган министрликти "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2013-жылдан бери жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан