Жактоочу: "Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевге каршы доо арызын артка кайтарып алды"

Кыргыз Республикасы Максим Бакиевге каршы доо арызын артка кайтарып алды. Мындай билдирүүнү М.Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон "Хикман энд Роуз" юридикалык компаниясы жарыялады.

Маалыматка ылайык, М.Бакиевге алдамчылык боюнча жарандык доо арыз жүктөлгөн. "Бул доо арыз боюнча Бакиев Кыргыз Республикасынын эки мамлекеттик фондунан жалпысынан 20 миллион фунт суммасындагы каражат уурдаган деп айыпталган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары аталган компания Максим Бакиевдин төмөнкү сөзүн жазды: "Мен Улуу Британияга 2010-жылы атамдын бийлигине каршы аскердик төңкөрүштөн кийин келгем. Ошондон бери Кыргыз Республикасынын жаңы бийлиги тарабынан саясий өч алуунун курмандыгы болуп келем".

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн бийлиги Максим Бакиевди Өнүктүрүү фондунан жана Социалдык фонддон акча каражатын уурдоо боюнча айыптаган.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул маселе өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борбору карамагында экенин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты. Өкмөттүн басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG'ге азырынча учурда аталган Борбор британиялык юридикалык компаниянын маалыматы боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлап, иш бүтөрү менен расмий билдирүү таратарын убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан