"Аялымдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу бул аптада табылбаса, прокуратура жана башка тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылам". Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза тапкан жаш келиндин жолдошу Айбек Нуранов билдирди.
"Каргашалуу окуя болуп, жубайым Жанарадан айрылганымдан бери 3 жума өттү. Кылмышка шектүү Рустам Жалиловду издөө иштери учурда да уланып жатат. Ишти карап жаткан кызматкерлер ал табылат деп убадалашкан. Алардын айтымында, эң узак дегенде бир ай аралыгында табылат экен. Эгер кылмышка шектүү бул жумада табылбаса, мен прокуратура жана башка тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылууну көздөп жатам. Менин оюм боюнча, бул жерде акча роль ойнобосо, кылмышка шектүү табылышы керек. Ал эми акча аралашкан болсо, анда кылмышка шектүү документтерин жасатып Казакстандан деле чыгып кетиши мүмкүн да", - дейт маркумдун жолдошу.
Анын айтымында, учурда энесиз калган 2 жаштагы жана 3 айлык кыздарын кайненеси кароодо.
Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас унаасын башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Кылмышка шектүү ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.