Өкмөт: "Максим Бакиевге каршы доо арызды артка кайтарып алуу - анын соттогу жеңиши эмес"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "кыргыз тарап Максим Бакиевге каршы доо арызын артка кайтарып алды" деген маалымат боюнча билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун атынан Лондондун Жогорку Сотунда бир катар жоопкерлерден, анын ичинде Максим Бакиевге жана "Азия универсал банк" (мындан ары АУБ) ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Михаил Наделге карата келтирилген зыянды кайтаруу тууралуу доо келтирген. Доо арыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондунун АУБда жайгаштырылган депозиттерине келтирилген зыянга тийиштүү болгон.

"2016-жылдын 5-сентябрында Лондон Жогорку Соту М.Наделге каршы чечим чыгарып, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондунун келтирген зыяны үчүн жоопкерчилигин көрсөткөн. Бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондуна М.Наделден келтирилген зыянды башка жоопкерлерге каршы толук процесс жүргүзүүгө талап кылынган негиздүү чыгымдарсыз кайтарып алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз Республикасы М.Бакиев АУБду банкротко жеткирүүгө жеке салым кошкондугу тууралуу көз карашты кармануусун улантууда, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасына зыян алып келген", - деп баса белгилешти өкмөттөн.

"Ишти токтотуу тууралуу билдирме Кыргыз Республикасынын М.Бакиевге карата кандайдыр бир келечектеги же башка укуктарына кесепети тийбегидей түрдө берилген. Айрым процессуалдык моменттер такталган соң бул багыттагы иш улантылат, анын натыйжалары, Кыргыз Республикасынын пикиринде, жыйынтыктуу болот.

Жогоркуларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын М.Бакиевге карата доосун чакырып алуусун анын аталган сот өндүрүшүндөгү жеңиши катары сүрөттөгөн маалыматтар чындыкка жатпайт", - деп жооп берди өкмөт.

Эскерте кетсек, 11-октябрда "Кыргыз Республикасы Максим Бакиевге каршы доо арызын артка кайтарып алды" деген билдирүүнү М.Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон "Хикман энд Роуз" юридикалык компаниясы жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан