Ала-Букада каза болгон баптист аялдын сөөгүн айылдыктар мусулмандар бейитине койдурбай коюшту

Ала-Бука районунда баптизм агымындагы каза болгон аялдын сөөгүн мусулмандар бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгышууда. Мындай маалыматты бүгүн, 14-октябрда Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев тастыктады.

"Маркумду көмүүгө жер берилбей жатат. Азыркы учурда дин өкүлдөрү, тийиштүү жетекчилер менен чукул жолугушуу уюштуруп, бул маселени чечүү аракетин көрүп жатабыз", - деп билдирди Акпаралиев.

Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын мүрзөсүнө коюуга айылдыктар каршы чыгышууда. Буга чейин аял башка динге өтүп жатканда айылдыктар ал динден кайтууну талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ss90
2016-10-14 10:23:24
Туура кылышат!!!
+36
dastan.bujun
2016-10-14 10:34:21
En tuura ushundai kylsa akchaga azgyrylyp bashka sektalarga otpoi kichine oilonup ish kylat adamdar
+24
tashi62
2016-10-14 10:36:21
Эң туура кылышыптыр .
+16
Urmat_83
2016-10-14 11:04:54
Озу башка динге откондор кызык эле.Жашаганда башка дин менен жашайт.Олгондо мусулманча олушот жаназа окуп куран окутушуп андай экен отпо башка динге
+18
asylbekova
2016-10-14 11:09:45
Биз жактада ушундай окуя болгон. Бирок олгон адамдын туугандары молдого 2000 сом берсе жер берген.
+11
rejepova
2016-10-14 11:09:53
мусулман боюнча калса болмок экен, бугун жумага чыкмак. Ыйык кунго туш келиптир
+9
Nukitaigoo
2016-10-14 11:18:19
биздин айылда да ушундай окуя болгон.
+6
Abdurahman
2016-10-14 11:51:08
Аллахым баарыбыздын жаныбызды ыйманыбыз менен алсын!
+10
ainura220888
2016-10-14 14:44:46
Башка мурзого апарып койо бербейби мусулмандардын мурзосуно койбой Ала букага кетип аткан жолдо праваславныйлардын мурзосу барго ошол жака апарып койсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан