Күйөөсүн жиликтеген келин 16 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна албаганы жоопкерчиликтен качуу катары бааланып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Анын буга чейин отурган 1 күнү 2 күн катары эсептелет.

Буга чейинки соттук кароонун алкагында прокуратура айыпталуучу Айдай Субанованын мүлкүн конфискациялоо менен аны 18 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

Күйөөсүн өлтүрүп, денесин жиликтеген келин 16 жылга эркинен ажыратылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Durdana
2016-10-14 18:35:06
ушу келин олтургонуно эч ишенгим келбейтда негедир
-6
Atlantida.
2016-10-14 20:21:08
Durdana,такташты го.По характеру она битая корунчу
+2
Deniza88
2016-10-14 20:38:11
Durdana, медиктер конуп калган да операция кылып .. Балдары не болду экен... Ыймандуу болуп чоноюшсун , ден соолукта болуп...
-2
talant
2016-10-14 19:03:40
Мийзам начар иштегендин натынжасы , мындайларды өлүмгө буйруш керек же еч болбогондо өмүрлүк отургузуу керек болчу
+6
tursunbaev78
2016-10-14 22:09:44
talant,биринчиден Кыргызстанда олум жазасы алынган,экинчиден аял кишиге омур бою берилбейт мыйзамда,олум жазасы болсо деле аялдарга колдонбойт
+2
Aygir
2016-10-14 19:29:25
16жыл аз го.Эгер ушуну бир депутаттын чычкагы кылганда 1жыл 6 күн бермек.
+7
Patriot..kg
2016-10-14 21:57:51
Эх. Сен чыгып келгенче балдарын 20 жашка чыгып калат экен
+2
nurikkg1
2016-10-14 23:35:36
Менин жеке оюм бул аял озу олтургон эмес 60% ментовскоя пытка бар инисинин ден соолугун карагыла здоровый и агасы деле ошондой болуш керек.
Писихологдордун айтымында аял адамдар 97% жакшылыкты эч качан унутушпайттерен ойлуу келишеттер
Озунуздор 1 минутта ойлонуп корунуздор кандай жол менен и кантип ошол аял ушундай жолго барат
себеп?????????????
жалгыз озу кылдыбы ??????
эмне себептен андай жолго барышы туртку болду
эгер куйоосу башкага алмаштырганда ал о
-1
mtv_kg
2016-10-14 23:56:27
Менин оюмча бул келинге бироо-жарым жардам берген, же такыр башка бироо олтурсо керек деп ойлойм. Анткени суд-мед эксперттин айтуусу боюнча, дене-мучосу муундалып жиликтенген мындай ишти профессионал кылган деп айтылат, жана ошондой эле дагы бир шек жаратуучу нерсе эмне мотив менен олтургону будомук. Менин жеке баамымда бул келиндин кебетесине караганда тоокту деле кыйратып сое албашына козум жетип турат.
+4
nurikkg1
2016-10-15 01:31:50
mtv_kg,Адвокатты ким болгон эмнеге адвокаттан интервью албаган Мировой прокуратура и адвокат талап кылса болмок
0
elya82
2016-10-15 01:11:32
Жини менен минтип кол салып алды,аны суйроп атышып 16 жылга кесишти а атайылап 2 жашаар баланы,далай жашы жете элек наристелерди зордуктап,кордогондорду эч нерсе кыла алышпай алары жыргап дальше жашоолорун воляда эле откоруп журушот.Эмнеге ошолорду жазалашпайт,ал келиндин балдары кандай болуп чонойот деги бизде калыстык барбы.Азыыраак жыл жаза берсе деле болмок.
+1
Azizbek.kg8
2016-10-15 04:42:14
Менда ишенбей турам аял киши эркекти олтуруп.тим более жиликтегенине ишенбейм
0
medik-kyz
2016-10-15 05:04:07
Eh adamdar emne bolup baratat
0
tin4a
2016-10-15 07:44:34
Откондо эле бироолор олтурду деп айтты деп атышты эле го,алар жонундо соз жок го.Сотту кечиктирип акчасын берип ишти жабышты да.Бул жерде бийликтеги бироонун кызыкчылыгы бар го,куйоосунун бизнеси конкурент болгон го.
0
ainura220888
2016-10-16 03:29:06
Мен Айдай олтургонуно ишенбейм. Ал андай адам эмес эле. Бизнесмен болгон эри. Эринин каршылаштарын неге карашбады. Бул жерде полюбому бир нерсе бар. Баары бир кыныр иш кырк жылда болсо да ачылат жаль балдары Айдай чыканда 20жашта болуп калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан