Бүгүн, 14-октябрда "күйөөсүн жиликтеген" деп айыпталган келин Айдай Субанованын иши боюнча соттун өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул чечим тууралуу жабырлануучу тараптын ой-пикирин билүү үчүн маркумдун иниси Шерлан Оркошевге кайрылдык.
"Агамды мыкаачылык менен өлтүргөн келинди сот кеминде 20 жылга эркинен ажыратат деп күткөнбүз, бирок ал 16 жылга кесилди. Буга чейин камакта отурганын эсептегенде 2 жыл отуруп койгон болот. Албетте, мындай мыкаачы үчүн бул адилетсиз жаза. Биз башыбыздан өткөргөн азаптарды, жакын адамыбызды жоготконубузга бул жаза аздык кылат. Апам экөөбүз дагы кеңешебиз го, бирок бул чечимге макул эмеспиз, доо арыз менен кайрылабыз. Биз муну көкөлөтүп жүргөнбүз. Бул каргашалуу окуя барчылыктан, ашыкчылыктан улам келип чыкты деп ойлойм. Акыркы учурларда агам аялына нааразы болуп жүргөн эле, балким, ажырашам деп айткан болсо, бул баарын алдын ала ойлонуштуруп жасаган болушу мүмкүн. Өлкөбүздө өлүм жазасы жок экендиги өкүндүрөт. Мындай адамдар бир да кишиге жакшылык кылбайт", - деди Оркошев.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошев 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.