Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 17-октябрдагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина президент Алмазбек Атамбаевди "коргоп" чыкты. Депутат өлкө башчынын жеке дарегине интернетте айтылып жаткан сындарга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кандай чара көрүшү керектигине кызыкты. Карамушкинанын айтымында, айрым сындар чектен ашып кетүүдө. УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков адамды мыскылдоолор боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөрүн, бул боюнча мекеме кызматкерлери иш жүргүзөрүн айтты.
Эскерте кетсек, Ирина Карамушкина мурунку аптада КСДПнын тизмеси менен депутаттык мандат алган. Ал парламенттин мурунку депутаты, жакында Жалал-Абад облусунун башчысы болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиевдин бошогон ордуна келди.