"Бишкекте жолдошумду сүзүп, майып кылып койгон айдоочу эркиндикте жүрөт" дейт жабырлануучунун аялы

"Бишкекте жолдошумду сүзүп, майып кылып койгон айдоочу эркиндикте жүрөт". Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына жабырлануучу Алмаз Качыбековдун жубайы Асел Жандаралиева билдирди.

Кырсыктын кандай болгонун тактоо максатында Алмаз Качыбековго байланыштык. Ал каргашалуу окуяны эстегиси келбегенин айтып, "окуя тууралуу жубайым айтсын" деп сөздү жубайына узатты.

"Жолдошумду Бишкек шаарында унаа оңдоочу жайда унаасын оңдоп жатканда айдоочу Nissan Teana үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен артка айдап жатып сүзүп алган. Ошол замат жолдошумду ооруканага жеткиришкен. Бутунан жана жамбашынан жаракат алган. Жолдошумду сүзгөн адам качып баратканда кармап калышкан. Ал оорукананын чыгымдарын, дарыга кеткен каражаттарды кошкондо 15 миң сом жардам берди. Жолдошум ооруканадан майып болуп чыгып жатканда кабар алган жок", - деп билдирди Жандаралиева.

Алмаз Качыбеков 28 жашта. Ал бир топ убакыттан бери Астана шаарында соода тармагында эмгектенчү. Анын 4 жаштагы кызы бар. Учурда сол буту тизесинен бүгүлбөй калган. Азыркы убакта өз алдынча баса албай, балдак кармап жубайынын жетеги менен жүрөт. Ал эми кырсыкка себеп болгон айдоочу оорулуунун абалын сурап үйүнө барып койбогонуна, анын эркиндикте жүргөнүнө нааразы болгон тарап өлкөдө акыйкаттын бар экенине ишеними жоголуп баратканын айтууда.

"Биз Биринчи Май райондук милициясына арыз менен кайрылганбыз. Жолдошумдун ишин Азат Кулматов деген тергөөчү карап жатат. Маселебиз оңдуу чечиле элек. Кырсыктын болгонуна 1 айга жакындап калды. Азыркы учурда жолдошумду сүзгөн айдоочу эркиндикте жүрөт. Жазасын алыш керек болчу", - деди Жандаралиева.

Окуянын жүрүшү туурасында Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Азат Кулматовго байланыштык. Ал өз сөзүндө: "Алмаз Качыбеков аттуу жабырлануучунун ишин мен карап жатам. Кырсыктын болушун экспертизага жибергенбиз. Жыйынтыгы 26-ноябрда чыгат деп жатышат. Тергөөнүн жүрүшү экспертизанын жыйынтыгына жараша болот. Ал эми сүзүп кеткен адам "бөөдө кырсык" деген негизде эркиндикте жүрөт. Мыйзам боюнча ушундай", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aibars
2016-10-18 14:14:21
Боодо кырсыктан кудай сактасын! Бирок ошондо деле алды артын карап иш кылса болмок! Негизи жоопкерчиликти тартыш керек.
+5
chikeusenov
2016-10-18 14:24:04
жиндиго 4 айдан бери арыз жазбадыбы барып кабар алып жардам берип койбойт беле кичине ынсаптуу болуп
+2
alooke
2016-10-18 14:25:12
Күнөөлүү адамды тезинен кармап, камашы керек. Бирөөнү майып кылып коюп, эч нерсе болбогондой эркиндикте жүргөнү кандай?! Укук коргоо кызматкерлери аман эле болгула, бизде качан адилеттик болот өзү? Бөөдө кырсык деп анда кылмышкерлердин баарын бошото бергиле. Бөөдө кырсык деп экспертизанын жыйынтыгы чыга электе ким көзү ачыктык кылыптыр. Тергөөчү жетиштүү иштебегени көрүнүп турат, мунун да оозун жапкандыр да акча менен.
+4
nurchik05
2016-10-18 17:18:26
Акмак Мудун балта кеспейтда
+2
semo
2016-10-18 18:36:18
Еми ушуну сот дебей еле жабырлануучуну ыраазы кылып кутулуп койсо болот да машина айдаганды билбесе айдабаш керек еми милицяга акча берип кутулуп кетет да жабырлануучу байкуш өмүр бою майып болуп калат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан