Ала-Букада үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү дагы казылып алынды

Ала-Букада үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү дагы казылып алынып, бирок учурда сөөк кайда экени белгисиз. Бул тууралуу маалыматты тактоо максатында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда маалымат тастыкталды.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына буларды билдиришти: "Аталган аялдын сөөгү кайрадан казылып алынып, Чаткалга алынып кеткен деген маалымат тараган. Бирок Чаткалдын жергиликтүү бийлиги жана милиция кызматкерлери ал аялдын сөөгү ал жакка келбегенин айтууда. Маркумдун сөөгү Чаткалда жерге берилгени айтылганы менен, аны тастыктаган далилдер жок болууда".

Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан. Кийин Өрүктү айылына коюшкан, бирок ага да каршылыктар болгондуктан, сөөк Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу жерге коюлган. Ал эми 17-октябрда жергиликтүү тургундар сөөктү кайрадан казып чыгарып коюшканы айтылып, ал үчүнчү ирет жерге берилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (56)
tattusha
2016-10-19 12:11:00
мусулмандар кечиримдуулугубуз каякта? жок дегенде айылдын башка бир четине коюп койсо болбойбу? куноосу болсо озу жооп берет да
+12
sonka89.
2016-10-19 12:57:05
tattusha,шарият уруксат бербейт, причём здесь мусульмандардын кечиримдуулугу.
-9
tursunbaev78
2016-10-22 22:36:12
sonka89.,сен шариятты ото жакшы билесинби?
жок дегенде айылдын бир четине койуш керек деп атат,шариятта башка диндегилерди эч жерге комбогуло дегенби?
0
suban78
2016-10-19 12:43:25
Ээ Алла Таалам адамдарга ыйман, ынтымак, бири бирине тушунууну бер.
+6
Book
2016-10-19 13:33:58
Кечиримдүү бололу,жеке мен үчүн бул туура эмес...
+9
Izdeim_seni.
2016-10-19 14:10:30
казып чыккан олгон адамды,менимче чон кунооо
+10
Revolyutsiya
2016-10-19 14:18:06
Баптист болгондорду баарыбыз жактырбайбыз. Ислам дининде мусулман каапыр болсо куноо. Бирок мусулмандардын соок кордогону куноо эмеспи?!!

Каапырлар мусулмандардын бейитине комулбосун деп Курандын кай жеринде жазылып турат, ошону коргозгулочу. Билип-билбей суйлоп чала мусулман болгондун да жазасы бар чыгаар...
+10
vangolu
2016-10-19 14:30:13
мусулмандар жестокий десе чычалайсынар
-11
bekhaliev
2016-10-19 14:54:08
vangolu, ХХХ экенсин
+2
admin_portal
2016-10-19 15:20:30
bekhaliev, этика нормаларын сактаңыз!
+1
Gema
2016-10-19 16:29:43
vangolu,сен мусульман эмессинби?
0
tursunbaev78
2016-10-22 22:37:54
vangolu,сен мусулман эмессинби?беш кол тен эмес ойлонуп анан жаз
0
Ayida
2016-10-19 15:02:56
Мусулмандар Россияда олуп христиандардын жанына койулуп атат дейсинер.Мусулман олкодо торолсо эле мусулман болуп калатбы? Кыргыз болсун орус болсун намаз окубаса орозо тутпаса ажыга барбаса зекет бербесе ал мусулман эмес.Кудай деп койуп журсо зына кылып арам мн адалды ажыратпай аты мусулман кылган иши мусулман эмес.Анан неге талашасынар тушунбоймун.Адамда ан сезим деген болуш керекда.Эмне учун башка динге отуп кеткен адамды мусулмандын жанына койуш керек. Ал азапталса
-5
kubat_73
2016-10-19 15:04:09
Бул эми жон гана обу жок диний фанаттардын кылганы.Олукту да ушунча кордошобу мейли бир казсын эки казсын жетишет го эми кудайдын тузун уурдаса дагы.Алчу жазасын кудай алдында тартсын же ал комгон жерден калганы тура качабы.УКМК МВД деген ушундайды карашпайбы бийликке сын айткандарды андыбай.Даана чырлуу иштер ушул диний келишпестиктен келип чыгаарын билишеби деги алар.
+3
Urmat_83
2016-10-19 16:24:29
kubat_73,Сен не 1райондун кишилеринен акылдуу болуп кеткенсинби аларга акыл уйроткудой.Ушуга жеткирсе керек да элди тоготпой.Кантип эле жакшы журсо кордосун элдер.
-5
kubat_73
2016-10-19 17:06:46
Urmat_83,Оз акылым озумо жетет дечи бирок кайсы созумдон кордун бир районго акыл айтканымды.Жон кана калп эле динге жамынып оз билгенин жасаган эки аяктуу айбандарга жиним келди.Эгер сага акыл айткандай туюлса мен куноолуу эмесмин ар ким созду тушунугуно денгээлине жараша кабыл алат
+5
Ayida
2016-10-19 15:06:01
Ал азапталса жанындагы жаткан мусулмандарга залалы тийет экен а эмне учун биз ошондой адамды койушубуз керек .Баптист булар адам болгону мн дини башка. Аллах сактасын башка динден. Башка динге отуп каапыр болуп олсон туболук тозок.Мусулман адам куноо жасап олсода тозоктон бейишке чыгат туболук тозокто калбайт тушунгуло туугандар
-4
kubat_73
2016-10-19 15:07:29
Олукту кордоп улам казгандарды закон алдында жоопко тартуу керек бугун баптисти казгандар эртен арак ичкенди ойноштук кылганды намаз окубагандарды оз жанын кыйгандарды комдурбойбуз казабыз деп чыкпайт деп ким кепил боло алат.
+7
AKCAHAT
2016-10-19 16:05:36
Адамдардан откон жырткыч адамдардан откон таш боор маклук жок бул дуйнодо. Жолдо олгон адамды деле жол четине комуп койушат. Мазарга батпаса айылдын таштанды алыс жерине комуп койушса болмок. Жырткычтар.
+7
ss90
2016-10-19 20:31:47
Тобооо...Алла ал кемпирди бул дуйнодо эле ушунча кордоптур да...я Рохиииим,куноолорубузду кечир!!!
-4
AiNuR_777
2016-10-19 23:42:43
Олгон адамдын артынан жаман соз суйлосода жаман болотго. А бул аялды-учунчу жолу казып алышканы кандай айбанчылык. Деги журок барбы? Адашкан адамды оз жайына коюп. Озубуздун сурак берчуу кундон коркойлучу. Кудайдын алдында баарыбыз тен суурак беребиз.
+2
Revolyutsiya
2016-10-20 12:14:45
Диний радикализмди жайылтып козутуп жаткан Ала-Бука райондук имамы кармалып радикал исламчы катары кылмыш жообуна тартылуусу керек. Эгер анын интераьюсун, аракеттерин изилдеп корсонор бул иммадын радикал исламды жайылтууга себепкер болуп жатканын корууго болот. Эгер бир район имамы радикал исламчы болсо, бийлик буга коз жумса, эртен Кыргызстанды радикал исламчылар каптап шарият мыйзамды менен жашайбыз деп тополон кылып чыкпайт деп ким кепил боло алат?!!!!
+1
tursunbaev78
2016-10-22 22:43:40
Алладан улук болбош керек,баптист болсо куноосун озу тартат,бирок ошол айылдын бир жерине койуш керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан