Кыргыз Республикасынын Конституциясынын оригиналы "жоголду"

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын түп нускасы кайда экени белгисиз. Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев: "Биздин канцеляриянын архивин карап чыктык, түп нускасы жок. Биз Юстиция министрлигинде болсо керек деп ойлогонбуз, бирок бүгүн Юстиция министрлигинде да жок экени айтылды. Анда кайда калды? Мен ал учурда иштеген эмесмин, ошондуктан Баш мыйзамдын түп нускасы кайда экени боюнча канааттандырарлык жооп бере албайм", - дейт Абдылдаев.

Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта болушу керектигин айткан эле.

Жыйында депутат Наталья Никитенко муну иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштап: "Баш мыйзамдын түп нускасын таппай жатсак, анда кантип Конституцияга өзгөртүү киргизебиз?" - деди. Депутат Аида Салянова дагы Баш мыйзамдын түп нускасын тапмайынча Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болбой турганын белгиледи. Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев мамлекеттик символдордун баары президент жашаган мамлекеттик резиденцияда сакталышы керектигин айтат.

Бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү мүмкүн.

Парламентте учурда “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы боюнча референдум дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан