1,5 айда унаа үчүн салык төлөбөгөн 1000ден ашык айдоочуга айып салынды

1,5 айда унаа үчүн салык төлөбөгөн 1000ден ашык айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-октябрда билдирди.

"Салык кызматы тарабынан унаа үчүн салык төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында жүргүзүлгөн 1,5 айлык рейддин жыйынтыгында 1092 айдоочуга 3 миллион 800 миң сом өлчөмдө айып салынган. Алардын ичинен мамлекеттик казынага 1 миллион 500 миң сом түштү", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, унаа үчүн салык төлөөнүн акыркы күнү 1-сентябрда бүткөн. Андан бери ИИМдин алдындагы Патрулдук кызмат менен биргеликте 411 рейд жүргүзүлүп, 1980 акт толтурулганы маалым болду.

"1-сентябрга чейин унаа үчүн салыкты төлөбөгөндөр эми 2 миң сом өлчөмүндөгү административдик айыптан тышкары ар бир күн үчүн туумду да кошо төлөшөт. Салык төлөгөндүгүн ырастаган чаптама салык органдары тарабынан бекер берилерин эскертебиз", - деп кошумчалашкан Салык кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
juma11anara
2016-10-19 22:57:42
3 800 000 сом айып пул салынса мамлекеттик казынага кантип 1 500 000 түшөт. Мен таң калып отурам.
0
PatriotKG01
2016-10-20 00:50:47
juma11anara,1.3 млн толоно элек деген маанини берип турат
0
PatriotKG01
2016-10-20 00:51:20
juma11anara, 1.8 дегеним
0
suban78
2016-10-20 08:20:30
Мен Россиядан кечээ эле келдим, убагында толой албадым. Жакында кайра кетем, кийинки жылга чейин машинаны айдабайм. Кандай кылам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан