"Конституцияны өзгөртүү маселеси парламенттеги көпчүлүк коалициясы үчүн негизги көйгөйгө айланды", - деди бүгүн, 21-октябрда журналисттер менен бейрасмий жолугушуусунда Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери, коалициялык көпчүлүктүн лидери Канат Исаев.
"Коалицияга кирген 4 фракция Конституцияны өзгөртүү боюнча бир пикирге келе албай жатат: 2 фракция макул болсо, 2 фракция каршы чыгууда. Конституция маселеси күн тартибинен чыкканда башка чыр-чатак жараткан маселе болбосо керек", - деди Исаев.
Анын айтымында, коалициялык көпчүлүктүн тарашы же тарабашы Конституция маселесинин кандай чечилишинен көз каранды. "Альянска кирген фракциялар өз ыктыяры менен чыкпастыгын билдиришкен. Эгер мындан ары талкуубузда бир пикирге келбесек, анда эң акыркы кадам катары коалиция тарашы мүмкүн", - деген оюн айтты Исаев.