Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары 2016-жылдын 9 айында коррупцияга каршы 1547 текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу 22-октябрда Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Коррупция багытында 702 кылмыш иши козголгон. Ал эми прокурордук жөнгө салуу актыларын кароонун жыйынтыгында дисциплинардык жоопкерчиликке 1143, административдик жоопкерчиликке 186 жооптуу кызматкер тартылганы айтылат маалыматта. Мунун артынан мамлекеттин казынасына 16 миллион 847 784 сом акча өндүрүлгөн.