Бишкекте оппозиция менен бийликти ынтымакка чакырган форум өтөт. Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, иш-чарага жарандык коом, депутаттар, эксперттер, бийлик жана оппозиция өкүлдөрү чакырылган.
“Акыркы күндөрү Баш мыйзамдын тегерегинде талаш күчөп, оппозиция “өзгөртпөйбүз” десе, бийлик “өзгөртүш керек” деп жатат. Мындан улам эл да эки тарап болуп, кыйкырышып калышты. Элибиз кыйын абалда турса, экономикалык каатчылык болуп жатса, акыры бир пикирге келиш керек да. Бүгүнкү форумда эки тарап ийри отуруп, түз кеңешип мунасага келишсин деп жатабыз”, - деди Турсунбек Акун.