Бүгүн, 24-октябрда "Дыйкан" базарда анын жабылбашын талап кылган 100гө жакын адам нааразычылыкка чыкты. Сатуучу Санабар Исмаилова дагы алардын катарын толуктайт.
"Ленин районунун администрациясы, шаардык мэрия элди кыш келгенде кыйнабасын. "Сары-Өзөндөн" орун даярдагыча бир топ убакыт кетет. Бизди 8 жыл мурда "Баткен" базарынан милиция кызматкерлери дубинка менен сабап, 8 аялды камашкан. Азыр "Дыйкан" базарынан форма кийген милиция кызматкерлерин көрүп, коркуп жатабыз. Бизди базардан кетирбесин, базарды жаппасын деген талапты коёбуз", - дейт Исмаилова.
Базардын администрациясы "Базар жабылбайт, эч ким күчкө салып көчүрө албайт. Ушак сөздөргө ишенбегиле, соодаңыздарды уланта бериңиздер" деген чакырык жасады.
"Дыйкан" базарын "мунай базага жакын жайгашкан" деген шылтоо менен жапканы жатат. Бул базар 2008-жылы ачылган. Ал эми база 2010-жылы кампа болуп курулган. Ошондуктан базарды жабууга каршы болуп жатабыз", - дейт сатуучу Гуля Курамаева.
Маалым болгондой, базарда иштегендер Ленин райондук администрациясынын акими менен жолугууга чогулушкан.
"Базар которулса, соодагерлер менен милиция кызматкерлери кагылышы мүмкүн. Жаңжал болуп, эл жабыркабасын. Бул жердегилердин көбү насыя алып иштеп жатат", - дейт сатуучу Сабира Музалдиева.
Нааразы болгон элге жолукканы келген райондун акими Нурдин Тынаев соодагерлер 10-ноябрга чейин кетиши керектигин эскертип, чогулгандарды укпай, жоон топ милиция кызматкерлеринин коштоосунда кетти.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Бишкек шаардык мэриясы аталган базардын жабылгандыгы тууралуу билдирүү тараткан.