Бишкек шаарындагы "Дыйкан" базары коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, базар 2008-жылы ачылгандан бери анын ишмердүүлүгүнөн шаардык бюджетке 1 да сом түшкөн эмес. "Базар "Кыргыз темир жолунун" "Бишкек-1" станциясынын жанында жайгашкан. Жалпы аянты 2,6 гектарды түзөт. Базардын түндүк тарабында 30 метр алыстыкта мунайзаттын базасы жайгашкан, эреже боюнча 100 метр алыс болуш керек. Мындан тышкары базардын долбоору Өрткө каршы кызматы менен макулдашылган эмес. Ошондой эле санитардык эрежелер сакталган эмес. Мындан улам Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция базарда текшерүү жүргүзүп, аталган эреже бузууларды аныктаган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Дыйканда" иштеген соодагерлерди жумуш орундары менен камсыздоо үчүн шаар башкармалыгы "Дордой-Моторс" жана "Сары-Өзөн Дыйкан" базарларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода орундарын бөлүп берүүнү макулдашканын басма сөз кызматы баса белгиледи.