Өкмөт отставкага кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештеги КДСП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, КСДП фракциясы парламенттик көпчүлүктөн чыккан соң, мыйзамга ылайык, өкмөт отставкага кетет, ал эми өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматтарында убактылуу милдетин аткаруучу болуп иштеп турушат.
"Коалицияда тирештер эчак эле башталган, биз коалицияны сактоого аракет кылганбыз. Бирок айрым фракциялардын иш-аракеттери менен макул боло албайбыз", - деди Өмүркулов.
Айта кетсек, бүгүн, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болду. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.