Карга оронгон Бишкек шаарына бийиктен көз салуу (фоторепортаж)

Быйыл октябрь айы мурунку жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындуу аба ырайы менен коштолуп жатат. Бүгүнкү жааган кар эгиндери жыйналбай жаткан дыйкандар, кышка даярдыгы жок көпчүлүк жарандар үчүн күтүүсүз болгону талашсыз. "Эрте келген кыш мезгилине Бишкек шаары даярбы?" деген суроо менен мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетовага кайрылдык.

"Бүгүн Бишкек шаары бардык тармактар боюнча кышка даяр. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тазалыкты көзөмөлдөшөт. Жолго төгүүгө жалпы 3100 тонна кум, 450 тонна туз алынды. Туз бак-дарактарга зыян болгондуктан, мэр Албек Ибраимовдун "аз өлчөмдө колдонгула" деген тапшырмасы менен аз туз даярдалды.

Тротуарларды тазалоого кичинекей унаалар алынган. Кар көп жаап жиберсе, бир түндө тазалап чыга алабыз. Бишкек жылуулук борборунун маалыматына ылайык, учурда 98-99 пайыз үйлөргө жылуулук берилди. Карызы бар, оңдоп-түзөө иштери жүргөн же кээ бир техникалык себептерден улам берилбей жаткан жайларга бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт", - дейт Г.Алмамбетова.

Жогорудагы сүрөттөр аркылуу карга оронгон шаар кооздугун жана оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн жолдордо көлчүктөр жаралып, айдоочуларга, жашоочуларга да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын көрүүгө болот.

Бишкек. Ак карлуу октябрь
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
salimbek87.kg
2016-10-25 14:57:38
Мынча соонун
+5
Adilet_adi
2016-10-25 15:28:40
salimbek87.kg, жолбу?
+5
Amankg
2016-10-25 15:31:43
Сагындым Бишкекти
+1
mratbashy
2016-10-25 15:48:29
Кыш шашылбааачы мен доннолок алалекмин
+8
deva
2016-10-25 16:17:24
Чын эле шашылбай турчу, айлык тийсин, куртка алып алайын
+6
Shakek
2016-10-25 19:09:45
быйыл кыш эрте келип элдин баарын шаштырды
0
Deniza88
2016-10-25 19:52:31
Гулдой бер Бишкегим!
+2
rai
2016-10-25 22:34:01
Керемет болуптур!
+1
bosmos777
2016-10-25 23:10:38
Тасманы Айбек жакшы тартыптыр ! Келечекте копут умутондургон кесипкой инсан болгудай.Жакшы чыгыптыр!
+1
Kimbar
2016-10-26 11:46:57
bosmos777,рахмат чоон аракет кылам мындан да жакшы видеолорду чыгарганга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан