Каныбек Иманалиев: "Менден кылмыш издөө - Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар"

Бишкек шаардык прокуратурасы "Эркин-Тоо" басмаканасын менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин кайра жандантты. Бул иште парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев фигурант катары көрсөтүлүүдө. Бул боюнча депутаттын өзүнө байланыштык.

"Бул факт боюнча менден кылмыш издөө - Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар. Бул иш мындан 15 жыл мурун болгон, сот иштерине мен күбө катары да чакырылган эмесмин. Мен төртүнчү адамдан мекеменин 17 пайыз акциясын сатып алгам, муну декларациямда дайыма көрсөтүп келем. Бул кылмыш ишинин келечеги жок. Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун "Мегакомдо" акциялары бар деп каралагандай эле иш", - деди Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан