Брэд Питтке карата "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айып боюнча текшерүү иштери улантылды

Учурда "үлгүлүү түгөйлөр" деп айтылып келген дүйнөлүк жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жолинин эмне себептен ажырашып жатканы көпчүлүккө дале кызык бойдон калууда. Жакында эле Питтке "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айып боюнча ФБР (ФТБ - федералдык тергөө бюросу) тарабынан текшерүүлөр жүрүп, айтылган күнөөлөр негизсиз экени аныкталган. Бирок ФБР жана Балдарды коргоо боюнча департамент жылдыздардын үй-бүлө мүчөлөрүн суракка алгандан кийин Питтке карата "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген ишти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

Буга чейин айтылып келген "учакта бара жатып актёр баласын урушуп, урган" деген окуя чындыкка дал келбеши мүмкүн, бирок текшерүүчүлөрдү үй-бүлөдө болуп турган башка жаңжалдар кызыктырган. Акыркы маалыматтарга караганда, Брэд менен Анжелинанын ортосунда көп жолу кайым айтышуулар болуп, бул балдардын абалына терс таасирин тийгизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tiguuchu
2016-10-27 10:53:46
Чет олкодо мыйзам кучтуу да.Бизде болсо балдарыбызды урушмак тугул,ызылдата уруп,когорто чымчып,жаткыра тээп,эси оогончо жулкулдатып башка,козго чапкылай беребиз.
+3
Amanov
2016-10-27 12:50:18
атасы болгондон кийин урушуп уруп койсо не болот эле жакшы адам болсун дейт да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан