Италияда болгон жер титирөөдөн улам 10го жакын адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жер силкинүүдөн улам Италиянын Фабриано шаарындагы айрым имараттардын кээ бир бөлүктөрү ураган. Мындан улам 8 адам жеңил жаракаттарды алганын аталган шаардын мэри Жанкарло Саграмола билдирген. Мындан тышкары жер титирөөдөн улам бир нече үй кыйроого учурап, электр жарыгысыз калган. Бүгүн Фабриано шаарындагы бардык мектептер иштебейт.
Айта кетсек, күчү 5,4 жана 6,1 баллга жеткен жер силкинүүлөр кечээ, 26-октябрь күнү кечинде Перуджа жана Мачерата шаарларынын ортосунда болгон.