Түптө калыңдыгы 1,5 метр кар алдында калган жүргүнчүлөрдү куткаруу аракеттери көрүлүүдө

26-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп-Кеген унаа жолунун болжол менен
73-чакырымында 2 жеңил автоунаа карга тыгылып калган. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, бир унаада 1, экинчи унаада 3 адам бар. Унаадагыларга жардам берүү үчүн Түп районунун ӨКМ бөлүмүнүн башчысы Бакыт Казакбаев менен атайын топ жана №4-Жол эксплуатациялоо ишканасынын өкүлдөрү барышкан.

"Төртөө тең жакынкы Каркыра жайлоосундагы калктуу конуштагы 4-фермага жеткирилишкен, азыр да ошол жакта. Атайын топ калыңдыгы 1,5 метр болгон карды тазалап, жолду ачуу аракетин көрүүдө. Бүгүн, 27-октябрда алар 3-фермага жетишти. Ал эми 4-фермага жолду эртең тазалап башташат. 28-октябрда 3-ферма менен 4-ферманын аралыгы 13 чакырымды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

"Карда калган жарандардын туугандары Мамлекеттик диспетчердик кызматка кайрылышкан. 112 кызматынын диспетчерлери тарабынан аларга моралдык-психологиялык жардам берилип жатат. Бул жагдай биздин көзөмөлдө, кайрылган туугандары тамак-аш менен камсыздалышкан", - деди Бирдиктүү мамлекеттик диспетчердик кызматтын башчысы Азамат Мамбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2016-10-27 21:05:52
13чакырымды 2саатта тазалай турган техникаларды качан алабыз билбейм
0
Totyua.71.
2016-10-27 21:11:28
Аман эсен экен кудайга шугур
+4
admin_portal
2016-10-28 10:09:08
anbar, жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга жол берилбейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан