Бишкекте өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде Каныбек Сагынбаев бүгүн, 28-октябрда украиналык бильярдчы Ярослав Торнаведский менен беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда спортчу өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн абдан кылдаттыкты талап кылуучу оюн болот, анткени Торнаведский оңой жоо эмес. Ал буга чейин эки жолу дүйнөнү багындырган спортчу. Бир эле катачылык кетирсең, ошол жерден кармап калышы мүмкүн. Ошондуктан бүгүн маанайды көтөрүп, оюнга даярдык көрүп, кыргыз элине дагы бир жеңиш алып келүүнү пландап жатам. Бирок алдыдагы жеңиштерге Кудай буйруса деп тилек кылып жатам", - деп билдирди Сагынбаев.
Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Ярослав Торнаведский Дастан Лепшаковду 7:6 эсебинде утуп алган.
Каныбек Сагынбаевдин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынан катышып жаткан 22 спортчудан 19 спортчу жеңилүү ызасын тартып, оюндан четтетилген. Ал эми калган 3 оюнчу бүгүн таймашка чыгат. Канат Сыдыков орусиялык Леонид Швыряев менен беттешсе, Ажыбек уулу Даниель орусиялык Ильдар Вахитов менен таймашат. Жеңишти камсыздагандар чейрек финалда ойношмокчу.