Ала-Бука районунда 76 жаштагы аялдын сөөгү бир нече ирет казылган факт боюнча кылмыш иши козголду

Ала-Бука районунда 76 жаштагы маркумдун сөөгүн көмүлгөн жеринен казып чыгарып салган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Сөөктү казып салууну уюштургандар жана аны ишке ашыргандарды аныктоо аракеттери жүрүп жатат", - деди Осмонбаев.

Эскерте кетсек, Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылында каза болгон 76 жаштагы баптизм агымын карманган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү 3 ирет казылып алынган. Алгач Сары-Талаа айылынын жашоочулары маркумдун сөөгүн мусулмандар бейитине коюуга каршы болушкан. Андан соң христиандар көрүстөнүнө үчүнчү ирет жашыруун түрдө коюлган. Экөөндө тең казылып алынып, төртүнчү ирет кайрадан жашыруун коюлуп, маркумдун үй-бүлөсүнө да орду айтылган эмес.

Бул окуя боюнча акыйкатчы Кубат Оторбаев адамдын укугу бузулгандыгына байланыштуу Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
chon.alai.
2016-10-28 12:37:55
баардык нерсе мыйзам чегинде болуу керек
-5
aikokul14
2016-10-28 12:49:36
Ал аялдын жазасын бир гана Кудай берет,адамдар кичине ырайымдуу бололучу,жер кабыл алабы,албайбы аны Жараткан озу билип жазалайт.
+7
Stervamyn
2016-10-28 15:31:54
aikokul14,ошону элдер тушунбой Кудай болуп жатышпайбы.Ошол казган адамдар Мусулман динин оздору да 100% тушунбойт
+8
Asylbek1981
2016-10-28 13:13:42
Булар мусулмандын мурзосуго башка диндегилерди койгонго болбойт дегенге тушунбойт экенда.
+8
Revolyutsiya
2016-10-28 19:54:51
Asylbek1981, сен далил менен суйло, Куранда барбы же жокпу?!!

Ривоятка таянчу болсок ИГИЛ да ривоятка таянат. Ошол себептуу Куранда болсо гана ишенемин.
+3
muke.kg
2016-10-28 20:23:25
Asylbek1981,Биздин Кыргызстан светтик олко озунун мыйзамы менен конституциясы менен жашайт Мен тушунбойм окмоттун жерин мусулмандыкы деп менчиктеп алгансын.Бизде ар-бир граж-н мамлекет тарабынан улуш жерге ээ уйго же уй-салганга жер участагын ала алат жана каза болгондо окмоттун мурзозсунон 2-метр жер алалат
+2
Amanov
2016-10-28 13:34:10
биз качанкыга чейин ушинтип жашайбыз ал аялды көрүп башкалар үлгү алсын мусулман болсун дегендин оордуна элди соттойбуз дейт азыр бул нерсеге чекит койбосок адам укугун коргойбуз десек эртен эки эркек эки аял чыгат бизге закс бергиле деп ошондо да адам булар деп укугун коргойсунарбы кичине ойлонгула кыргыздар биз мусулманбыз. бизде деген эң таза дин бар. аны башка динге өтүп кеткендерге түшүндүрүп койолу.алардын укугун коргобой
+11
muke.kg
2016-10-28 19:28:09
Amanov,Дин боюнча эмес Конституция менен жашайлы Эгер тушунсон дуйно жузунун баары мусулман (момундар) баары эле кудайга сыйынат.Ким тартипти бузса сот жообуна тартылат.
-1
Revolyutsiya
2016-10-28 19:56:57
Amanov, олгондо соогун кордобой козу тируусундо чара коруп ислам динине кайтарбайсынарбы?!! Сабак болсун деп озунор каапыр болуп жатасынар же исламда соок кордоо деген нерсе барбы?!!
+1
Riokyrgyz
2016-10-28 14:00:17
Ошолорду соттосонор,укмуш болуп кетет.баптисттер чыгат,хизбуттар чыгат мамлекет биздин укукту коргойт деп.эл азыгырылат.баары мыйзам эмес шарияттын негизинде болуусу шарт.баптисттерге катуу сабак болсун десе,булары чыгат.
+3
vangolu
2016-10-28 15:56:12
Riokyrgyz,шарияттын негизинде жашагыдай биз араб эмесбиз.Светтик олкодо жашайбыз.шарият менен ислам мамлекетинде жаша
+1
vangolu
2016-10-28 15:57:15
Riokyrgyz,шарияттын негизинде жашагыдай биз араб эмесбиз.Светтик олкодо жашайбыз.шарият менен ислам мамлекетинде жаша
0
Riokyrgyz
2016-10-28 17:54:23
vangolu,Аллахым куноонду кечирсин.Бул жерден туура эмес суйлоп койдун.колдон келсе Ислам олкосу болуубуз шарт.шарияттын негизинде жашоо араб болуп кплуу дегенди билдирбейт.Ислам дини арабдарга эле эмес бардык адамзатка Аллах тартуулаган чон белек жана туура жашоонун негизи.
+1
muke.kg
2016-10-28 19:40:27
Riokyrgyz,Алах адамды топурактан жасап дуйно жузуно тараткан ал сени мусулман /Ислам/же християн Баптист деп болгон эмес Буларды ойлоп тапкан сага окшогондор.
0
muke.kg
2016-10-28 19:32:45
Riokyrgyz,Мурзодон олгон кемпирди алып чыгып элди коркуталы деп жатасынбы .Андан кийин дамбал штан кийгизесинби паранжа кийгизесин анан арап олкосу болуп жатып калабыз.
0
stimyl.kg
2016-10-28 14:53:04
Кыргыз мамлекетинин жаранымын дейсинер жараны болсон мамлекеттин баалулуктарын мыйзамдарын сыйлоону бил. Мыйзамда эмне деп жазылса ошого баш ий. гимн ырдалып жатса туруп колунду кокурогуно кой отуруп алып бизге туура келбейт дебей,ошол туура келбейт дегендин арты сону ушундай жек коруучулук абалга кептелип жатат бириндин соогунду бирин болуп. Мен бул жерде ашынып адамдын соогун чукуп салган абал бойунча айтып жатам. Эгерде олкону мыйзамды жакшы билип сыйласан мындай жекоруучулук болбойт эле.
+3
Stervamyn
2016-10-28 15:30:24
Соттосун казгандарды!Баарына Кудай бар.Эчкимдин акысы да укугу да жок,коюлган соокту уруксатсыз казып алганга...
+1
tuigan.
2016-10-28 22:18:51
Stervamyn,конечно казат да.мусулмандар да тынч жатыш керек кабырда
-3
Stervamyn
2016-10-29 06:54:38
tuigan.,как будто бул аял учун ошол мурзодо соогу коюлган мусуомандардын жанв тынчыбай,тынч жата албай жатышкансып айтасын да..Же сага айтыштыбы,тынч жата албайтабыз деп?Дагы бир жолу айтып кетерим,баарына КУДАЙ бар,баарына КУДАЙ тараза жана бир гана ал жазалайт,кааласа тынч жаткырат,каалабаса кыйнайт.Адамдын колунан эч нерсе келбейт,адам адам учун жооп бербейт.Бул жерде закон боюнча,соокко болгон мамиле жонундо соз болуп жатат.
-2
ruslanz
2016-10-28 18:30:31
Казганга катышкандарды жоопкер-ке тартыш керек. Алар ким озу. Аллах озу билет кимди кандай жазалашты. Андан коро озубузду жакшылап карайлычы, мусулманмын деп койуш аздык кылат.
0
Revolyutsiya
2016-10-28 20:04:52
Оз динин саткан куноо. Бирок соок кордоо да куноо. Ошондуктан баптист, хиз-бутчу, талибан ж.б.канчалык жек корунду болсо, соок кордогон (имам баш болуп) радикал исламчылар да тигилердей эле жек корунду. Анткени соок кордоо мыйзамда кылмыш, шариятта чон куноо. Экинчиден булар Кудайдын ордуна ( бул дуйнодо) сурак кылып озун Кудайга тенегендери да чон куноо...
+3
Riokyrgyz
2016-10-28 21:25:12
Баарынарды Ыйык Куран китебил окууга чакырам.ошол жактан баарын тушуносунор.а бул жерде дин душмандары менен талашып тартышпагыла.алар ошол учун арам акча алышат
-2
tuigan.
2016-10-28 22:19:57
Казганга каршы чыккандардын баарына минус
-3
Bubu88
2016-10-28 23:34:09
Негизи бул илгертен келе жаткан нерсе мен илгерки чоң ата чоң апаларыбыздан угуп калгам шарият боюнча туура эле чечим мусулман бейитине мусулман христиан бейитине христиан коюлуп келген элдер туура эле кылган
+1
ainura220888
2016-10-29 02:03:53
Биз Кыргыз республикасында жашап жатабыз туугандар. Эгер Кыргыз ислам республикасы болгондо билбейм. Кыргыз республикасынын баш мыйзамына ылайык ар бир жаран ТУТКАН ДИНИНЕ рассасына улутуна карабай бирдей укука ээ! Эч ким олукту казып кыйнаганга Аллахтын ордуна жазалоого укугу жок. Аллах озу жазалайт куноосу болсо. Ар ким каалаган динди тутканга укугу бар. Парзыбыз исламга кел деп айтып коюш эгер келбесе жазалаганга укугубуз жок. Оз эрки. Ала букада РОВДда жакшы акелерим иштейт тубуно жетишет.
+4
Amanov
2016-10-29 08:18:49
ainura220888,менимче эл аны жазалавады болгону себепкер болду.
+1
Riokyrgyz
2016-10-31 13:01:39
ainura220888,КР жашап жатасын.Аллах таала жараткан попнетада омур суросун.ушуну эсинден чыгарба
0
PatriotKG01
2016-10-29 16:55:35
2-апта оттуго Эми ойгондунарбы,закон менен болсо,тергоо ошол куну башталыш Керек эле го
-1
ss90
2016-10-30 22:12:59
Светтик олкобуз деп эмнелер гана болуп атат...?!мусулмандар эскертпей барып казып салса бир жон!айтылдыбы мусулмандардын мурзосуно башка дин окулдорунун соогу коюлганга болбойт деп значит угуш керек!
+2
Riokyrgyz
2016-10-31 13:02:08
ss90,эн туура соз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан