"КСДПнын жетекчилиги менин оозумду жаба албайт, партиянын ичиндеги туура эмес иштерди айтууну улантам", - деп билдирди SUPER.KG порталына 31-октябрда партиянын активдүү мүчөсү Ренат Самудинов. Буга чейин партиядагы айрым адамдар менен пикир келишпестиктер болгонун, ошонун айынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер бекитүүдө тизмеге кирбей калганын айтат.
"Кадр дайындоодогу кемчиликтерди айтып чыкканымда келечекте өз позициямдын зыянын тартып каларымды айтышып эскертүү кылышкан. Жогорку кызматтарга КСДПнын атынан татыксыз талапкерлердин дайындалып жатышын сындап чыккан элем. Ошол эскертүүсүн ишке ашырышты, тизмеден орун бербей коюшту. Менин тизмеге кирбей калышыма партиянын жаштар канатында нааразылар көп, алар депутаттыкка мени жылдырып жатышкан эле. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да арткы тизмеге кирип калганымда жаштар канаты нааразы болгон", - деди Самудинов.
Белгилей кетсек, Самудинов 29-октябрда кайрылуу жасап, шаардык кеңешке талапкерлерди бекитүүдө КСДП оюн түз айткан жаштарга орун бербегенине нааразычылыгын билдирген. Буга байланыштуу тизмеден чыкканын жарыялаган эле.