Кыргыз өлкөсү дүйнөдө сууга бай жерлердин бири болсо, Борбор Азия боюнча өзүнүн аймагында таза суу ресурстарына ээ болгон жалгыз өлкө. Республика боюнча 3500дөн ашуун дарыя, өзөндөр бар. Алардын көпчүлүгү коңшу өлкөлөргө агып чыгат. Ал эми сырттан бир дагы суу агып кирбейт. Өлкөнүн аймагынын 4,1 пайызын муз ээлейт. Тилекке каршы, мындай көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөбүздүн айрым аймактарында суунун жоктугу жашоочуларды оор түйшүккө салат. Өзгөчө борбор калаадан алыс жайгашкан айыл тургундарынын маселелери жогору жакка оңой менен жетпегени абалды курчутат.
Ала-Бука районундагы 1-Май айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Шаар айылындагы суу көйгөйү тургундар арасында сарык оорусун жайылтып жатканын SUPER.KG порталына кабарлаган Айнура Субанкулова "Элдик кабар" рубрикасынын октябрь айынын жеңүүчүсү деп табылды.
- Саламатсызбы, Айнура! Сиз октябрь айынын жеңүүчүсү болдуңуз, куттуктайбыз!
- Саламатчылык, рахмат! Кабарды жеңүүчү болуу максатында жиберген эмесмин. Өзүңөр билгендей, биздин айылда таза суу чыкпайт. Эч ким көңүл бурбайт. Силерге бул көйгөй чыкса, чоңдор ойгонуп, суу чыгарууга аракет кылышар деп жибергем.
- Айнура, Жаңы-Шаар айылында канчадан бери суу чыкпайт?
- Мен кичинекей кезден бери эле чыкпай калган. Алгач суу Орто-Токой суу сактагычынан канал менен келчү, кенен колдончубуз. Кийин эле келбей калды. Анын кесепети тийип жатат. Айылда оору көбөйдү. Учурда суу канал менен бир айда 10 күн келсе, 20 күн келбейт. Эл аргасыздан каналда туруп калган сууну ичет, ошол эле каналдан мал да ичет, кечет. Анан кантип оору көбөйбөйт? 15 жылдай болуп калды, бул маселе чечилбейт.
- 15 жылдан бери суу маселесин бир да адам чечүүгө аракет кылган жокпу?
- Суу чыгарабыз деп элден акча чогултуп калышчу. Анысын деле берчүбүз, бирок ошол бойдон эле жоголчу.
- Өзүңүз Жаңы-Шаарда турасызбы?
- Ооба, бирок суунун көйгөйүнөн улам ал жакта тура албайм. Балдарым бар, алар менен кыйналам. Суусуз жашоо оор, андыктан Бишкекке көчүп келүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Азыр жарым ай айылда, жарым ай Бишкекте болуп жүрөбүз.
- Ал айылда жакындарыңыз турабы? Алар үчүн сарсанаа болсоңуз керек?
- Ооба, ата-энем, бир туугандарым. Албетте, таза суу ичип жатышты болду бекен, качан суу келип калат, ооруп калышпаса экен деп ойлоном. Колумдан келсе, аларды да суусу бар жерге көчүрүп кетмекмин.
- Кыргыз өлкөсү сууга бай деп айтылат. Анда, сиздин оюңузча, бул көйгөй эмнеден чыгып жатат?
- Ооба, бай болсо болгондур. Мен бул көйгөйдүн жаралышына бийлик күнөөлүү дейм, себеби колдо бар сууну туура, натыйжалуу колдоно алышпайт. Мурун Орто-Токой суу сактагычында суу толуп турчу, сатып жатышабы же эмне кылып жатышат билбейм, эми деги эле толбойт. Таза суудан үмүт болбой калды. Ал жакта жашаганга кыйын болуп жатат. Акыркы жолу 10 күнгө бардым, чыдай алган жокмун.
- Айыл өкмөтү учурда айылга таза суу жеткирүү үчүн долбоор баштап жатканын айтты...
- Ал долбоор бир нече жыл мурун эле бар болчу. Чыгарабыз деп эле айтып келишет, ишке ашпайт.
- Маегиңизге рахмат, белегиңиз кут болсун!
"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.
2016-жылдын жеңүүчүлөрү: