Жайлоодон Кызыл китепке кирген мадыл жандыгынын кармалганы тууралуу кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду

Кыргыз жеринде 2030-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин кароосуна киргизилет. Акыркы жылдары Кыргыз жерин байырлаган жапайы жандыктардын саны кескин азайып кеткени, аларды сактап калууга жана көбөйтүүгө мыйзам аркылуу чара көрүүгө аракет жасалууда.

Эгерде мыйзам кабыл алынып калса, өлкөнүн бардык аймагында аңчылык кылууга биротоло тыюу салынат. Ал эми Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жандыктарды жок кылгандар 3-5 жылга эркинен ажыратылат. Азыркы учурда жапайы жаныбарларды өлтүрүүгө айып пул гана салынып келет.

23-июнда "ЭЛДИК КАБАРга" Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар тарабынан мадыл жандыгы кармалганы маалымдалган. Сейрек кездешүүчү жандык тууралуу жаңылык порталыбыздан орун алган соң чоң талкуу жаратты. 1975-жылы Кызыл китепке киргени, коргоого алынганы, жергебизде 80 гана мадыл бар экени белгилүү болду. Андыктан бул жандыкты кармоого, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Окуянын өнүгүшүндө SUPER.KG порталы чоң роль ойноп, мадылды өлүмдөн, тамашалап айтканда, чабандарды 25 миң сом айып пулдан сактап калды.

Аталган жайлоого НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы) уюмунун кызматкерлери барып, мадылды коё берген жеринен таап, Бишкекке алып келишти. Учурда жандык ветеринардык адистин көзөмөлүнөн өтүп, абалы жакшы. Аны Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго жөнөтүштү.

Бизге кабар жөнөтүп, сейрек кездешүүчү жандыктын өмүрүн сактап калууга себеп болгон окурманыбыз Калыгул Бейшекеевди SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши июнь айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын авторуна заманбап смартфонду тапшырып, чакан маек курдук.

- Саламатсызбы, Калыгул! Бизге жиберген кабарыңыз сизди июнь айынын жеңүүчүсү кылды. Куттуктайбыз!

- Чоң рахмат!

- Мадылдын кармалганын кандайча угуп калдыңыз, кандайча бизге кабарладыңыз?

- Мен өзүм Кочкордо эс алып жүргөм. Анан бир күнү чогулуп калганда байкелер Мадияр деген жайлоодо бир чабан жалгыз аяк кармап алды деп калышты. Мен ошол жерде турган чабандардын биринен сурадым, жалгыз аяк деген эмне экенин. Чабан жооп бергендин ордуна күлүп койду. 11-июнда жумуштар менен ошол жайлоого барып калдык. Студент иним ошол жандыкты көрүп келели деди. Барсак жандыкты торго салып коюшуптур. Аны сүрөткө тартып алып, 10-12 күндөн кийин гана окуя тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жибердик.

- Башта мадыл экенин кабарлаганыңыз менен, кийин "бул мышык экен" дедиңиз. Айырмалоо кыйын болдубу?

- Бул жаныбарды атайын ууга чыгып эмес, кокусунан кармап алышыптыр. Алгач иттер тиштеп, анан 4-класстын окуучусу жарадар жандыкты үйүнө алып келиптир. Анан аны торго салып, тамак беришсе жебей койгон экен. Мадыл экенин деле көптөр билбептир. Мышыктан айырмасы - маңдайында 4 чоң тиши бар экен.

- Бул жандык Кызыл китепке киргендиктен, аны өлтүргөндөргө 25 миң сом айып салынары тууралуу маалымдадык эле...

- Мадыл 12-июнда эле бошотулган. Ал жандык тууралуу кабар SUPER.KG порталында талкуу болуп жатканда ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогуловго телефон чалыптыр. Токтогулов болсо облустагы күч органдарына байланышкан. Күч органдарынын өкүлдөрү айылга барып, төлөнө турган айып пул тууралуу айтышкан. Анан менин айылдаштарым мага чалып, "айып пул салына турган болсо өзүң төлөйсүң" деп башташты. Негизи, анын Кызыл китепке киргенин билсек, балким, коомчулукка кабарлабайт элек (күлүп).

- Сиз бул жандыктын куткарылуусуна себепчи болдуңуз...

- Мен бул окуянын коомчулукта мынча кызыгуу, талкуу жаратарын билген эмесмин. Кабар SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнө жарыяланган соң телефонум тынган жок. Айылдаштарым, күч органдарынын кызматкерлери, журналисттер чалып жатышты. Телефон чалууларга жооп берип жатып жумушта отуруп иштей албай калдым. Айла жок, телефонду өчүргөнгө туура келип жатты. Кубандырганы - окуя жакшы аяктады. SUPER.KG порталынын эмгек жамаатына ийгилик каалайм! Дайыма ушундай эмгектерди аткарып жүрө бериңиздер!

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү:

2015-жыл, апрель - Чынберди Жанышов (Жалал-Абад облусу, Сузак району).
2015-жыл, май - Сабира Казамбекова (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, июнь - Алина Мустапакул кызы (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, июль - Байысбек Жеңишбек уулу (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
2015-жыл, август - Толгонай Таалайбек кызы (Бишкек шаары).
2015-жыл, сентябрь - Нурсултан Токтосунов (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, октябрь - Куттубек Абдуллаев (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, ноябрь - Асылбек Мадалиев (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, декабрь - Рустамбек Эгембердиев (Баткен облусу, Лейлек району).
2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
Мадыл жандыгын аман алып калган кабардын ээси "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kani1994
2016-07-01 20:19:53
аягы ЖАКШЫ бүткөнүнө кубанычтамын!!!
0
KaiMak
2016-07-01 20:33:11
мен айтпадым беле смартфон кетти мадыл кармаган балага дээп ))) женишиниз кут болсун. Просто мен ойлопмун мадылды кармаган 4 класстагы балага берет окшойт деп, ал деле куру кол калбаар,
+5
begai93
2016-07-02 12:16:23
KaiMak,туура! Ошол балага да берип койсо болмок! Кичине баланын акылы жетип уйго алып келгенин айтсанар! Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан