Бишкекте 2-класстын окуучусу мектептен кетирилгени жатат, себеп - баланын ата-энеси мугалимге кир жуучу машина алып берген жок

Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкектеги 61-мектептин мугалиминин үстүнөн 2-класстын окуучуларынын ата-энелеринен арыз түшкөнүн билдирди.

"Бул мектептин Людмила Анатольевна аттуу окуу бөлүмүнүн башчысы 2-класстын окуучусун уруп, анын ден соолугуна зыян келтирген. Маселенин баары мугалимдердин күнөөсүнөн башталган. Класс жетекчиси окуучунун ата-энесинен 25 миң сомдук кир жуучу машина алып берүүнү талап кылган, бирок ата-эне мындан баш тарткан. Жыйынтыгында мектептин ата-энелер комитетинин жетекчиси болгон ата-эненин баласын кысымга алып, аны мектептен кетирүүгө аракет кылып жатышат. Учурда баланы ата-энеси айылга алып барып коюшуптур. Класс жетекчиси үч ата-эненин башын бириктирип, жабырланган окуучуну мектептен кетирүү үчүн ата-энесине каршы чыгып, жеке жашоосуна чейин асылып кысым жасоодо. Жабырланган 8 жаштагы баланын кандай тиешеси бар? Эмнеге ага психологиялык кысым көрсөтүш керек? Бала учурда уктай албай ыйлап, мектепке баруудан коркуп жатат", - деди депутат.

Андан соң Икрамов өкмөт бул маселени өз көзөмөлүнө алуусу зарыл экенин айтты. Мындан тышкары ал тиешелүү мекемелер иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
aibo_85
2016-11-03 12:06:10
тиешелуу органдар тезинен чара коруу керек. Супер ушул маселени тиешелуу министрликке жеткирип мугалимди гана эмес бул ишке тиешеси бар ата энелерди да жоопко тартылуусун сунуштагыла.сураныч
+4
xnurgul_gul
2016-11-03 14:45:21
aibo_85,мен кошулам сага
0
Sharos3
2016-11-03 15:49:20
Штраф салып эркинен ажыратыш керек
+2
admin_portal
2016-11-03 16:08:32
Sharos3, этика нормаларын сактаңыз!
-2
aibo_85
2016-11-03 12:10:06
урматтуу окурмандар бул маселе боюнча коомчулукка кенири маалымат таркаталы, куноолуулор жазасын алсын. Жогору жакка жетип он жагына чечилишине комок корсотолу
+7
Adina9506
2016-11-03 12:22:23
Оа туура айтасынар пара талап кылган мугалимди кысымга алан ата -эненин аты жонун тактап эл алдына салгыла базары билсин тууган уруктары бизди элге маскара кылдын элди кантип карайбыз деген созун укканда ошондо калган ишине бушайман жейт
+7
Begimkyz
2016-11-03 12:44:04
ХХХ!!! Ошондой кыйын экен элдин алдына чыксын?! Кайсы бети менен сураганын королу.
+6
admin_portal
2016-11-03 13:39:34
Begimkyz, этика нормаларын сактаңыз!
-1
isnur93
2016-11-03 13:22:19
Менин синдим окуган мектепте да ушундай болчу,класс жетекчиси майрамдарда,класстын президент кызын ээрчитип алып,базарга тушуп,озуно керектуу буюмдарды корсотуп койчу,мага ушуну алып бергиле майрамга деп,айла жок алып беришет болчу.
+3
mambo-1984
2016-11-03 13:23:25
орустар коптуго
+5
ainur78007
2016-11-03 14:13:45
Шаардагы мектептердин мугалимдери баары дебейин бирок копчулугу чын эле ата-энелерди адам катары корушпойт.Алгылыктуу жооп да беришпейт суроо берсен.Канчалаган ата-эне балама жаман мамиле,кысым корсотпосун деп унчукпай келишет.Озумдун 3 балам окуйт,бир класста 30дан 50го чейин окуучу окуйт
+5
jamilya03
2016-11-03 14:24:09
Биз ата энелер озубуз куноолубуз колунда барыбыз кошомат кылып жакшы корунуп беребиз.Кошомат кылбаганыбыз жаман горунуп калаберебиз
+5
Revolyutsiya
2016-11-03 14:56:13
Менимче бул окуя териштирилип аныгына жетуу керек. Негизи мектеп мугалимдери ата-энелерге "салык" салганын коп эле угуп журобуз бирок чара коройун деген министр, прокуратура корунбойт... Ошондуктан жогорудагы окуя чын болуу ыктымалы бар.

Экинчи жагынан ата-энелер комитетинин жетекчиси болуп чакчандаган митаам же адамдын ичи-койнуна кирген куу ата-энелер шайланчу эле. Ошондуктан мугалим менен жеке пикир келишпестик болуп, гезитке бурмалап маалымат берген болуусу да мумкун..
0
etaj_rus79
2016-11-03 16:52:14
директорду кошо камасын мектептин тартибин козомолдой албагандан кийин
+1
kubat_73
2016-11-03 17:17:08
Азыр мектептин директорлору озулору билгенди жасашып озулорун кудай сезишет.Мындай окуя дээрлик ар бир мектептеги болуп эле келген корунуш.Кобунчо ата энелер баласы учун деп коз жумуп сураган акчаларын берип эле келишет.Мектеп азыр цивилизациялуу рекет же акча табуунун оной жолу
+1
bond0202
2016-11-03 21:39:28
анча деле жанылык эмес экен,себеби баардык эле мектептерде бар мындай корунуш,бул нерсеге ата энелер озубуз кунолубуз мугалимдерге жагынып айтканын кылып
0
eky2010
2016-11-03 23:39:17
Люданы камап салыш керек элдин эсебинен жашагысы келгенго
+2
Gul.08
2016-11-04 00:01:29
Кыргызстанда Орустар кыйынго а тооба ...эс кимдин кучу жетпейт,иштен айдаш керек...
+2
naka90-09
2016-11-04 21:22:48
Чынын билип-билбей бироону куноолобойлу. Ооба, ар кандай адамдар болот. Сиздер азыр ал мектептин директорун да каралап жатасыздар.Чындап келсе ал мектепти ушундай даражага жеткирген биринчиден директор,анан мугалимдери.Эсиниздерге сала кетсем канча жылдан бери Бишкектин эн алдынкы мектеби болуп келе жатат.Ал эми депутаттын айыптоосу озунун кызыкчылыгын директор орундатпай койгондон келип чыгыптыр,тактап айтканда 1-класска ал деген баласын класстардын толуп калганына байланыштуу директор албаптыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан