Төө-Ашуудагы жол кырсыгынан каза тапкандар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ал эми жол кырсыгынан жабыркагандардын көпчүлүгүнүн колу-буту сынып, баш мээси чайкалган. Маалыматка караганда, Жайыл райондук ооруканасына 8 адам жеткирилген. Алардын ичинен 6 адам Бишкектеги №4-ооруканага жөнөтүлгөн.
Жол кырсыгынан жабыркагандар:
1. Мамаев Кубанычбек, 1974-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну, Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө.
2. Максуда Көлбаева, 1979-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну, Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө.
3. Алмамбет Кулмаматов, 1965-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкектеги ооруканага алып кетишкен.
4. Канышай Кулмаматова, 1955-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкектеги ооруканага алып кетишкен.
5. Асейит Кеңешбеков, 7 жашта, Бишкек шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө.
6. Ташболот Календеров, 1971-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну, Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө.
7. Максатбек Сейитов, 1988-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну, Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө.
8. Мээней Куланбаева, Жалал-Абад облусунун тургуну, Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө.
Айта кетсек, кечээ саат 21:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унаа (БМВ, Хонда-Степ жана Субару) менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаанын ичинде 5 адам болгон, анын төртөө каза болуп, бирөөсү жабыркаган. Хонда-Степ унаасынын ичинде 8 адам болгон, анын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам жабыркаган эмес. Ошондой эле Субару үлгүсүндөгү унаанын ичинде болгон 2 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Чоң жүк ташуучу унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан.