Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө пенобетон чыгаруучу завод өрттөнүп жатат. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн саат 13:00 чамасында чыккан. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов чыгып кеткенин аталган мекемеден билдиришти.