Орусиянын Москва шаарындагы №1551-мектептин окуучуларынын арасында массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мушташка 8-9-класстардын 50 чакты окуучусу катышты. "Өспүрүмдөр эки окуучу кыз менен таанышууга аракет кылышканда кыздардын классташтары аларга каршы чыгышкан. Чыр-чатак чыккан соң мектептин окуучулары келишкенде массалык мушташ башталган. Полиция кызматкерлери келгенде балдар качып кетишкен. Окуя болгон жерде жаракат алган 4 өспүрүм калган, алардын экөөсү кыздар. Бул мушташтын себепкери Кыргыз жергесинде туулган 16 жаштагы өспүрүм. Аталган факт боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду", - деп жазышат орусиялык ЖМКлар.