Бишкекте жазында ача турган жоогазындар айдалды

"Жашылдандыруу-курулуш" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаанын айланасын жашылдандыруу максатында шаардык клумбаларга жоогазындар отургузулууда.

"Ишкана 2 миң чарчы метр аянтка эрте гүлдөгөн жоогазындарды отургузууну пландоодо. Жалпы 13 түрүнөн 120 миң баш жоогазын отургузулат. Бир баштын баасы 12,50 сомду түзөт. Учурда 74 миң баш гүл отургузулду. Ал эми бул иштерди 2016-жылдын 10-ноябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Жоогазындар аба ырайына жараша марттын аягында-апрель айынын башында гүлдөй баштайт", - деп айтылат маалыматта.

"Жашылдандыруу-курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан 2016-2021-жылдарынын Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты. Аталган документ Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында бекитүүгө берилери маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2016-11-08 23:24:51
жакшы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан