Электр энергиясынын тарифи 2016-жылы өзгөртүлбөйт, бирок тарифтерди 2017-жылы кайра кароо күтүлүүдө. Бул тууралуу 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков билдирип, тарифтерди өзгөртүү учурдун талабы экенин айтты. Жээнбеков электр энергиясындагы жоготуулар азайганы менен, тармактагы жабдууларды жаңылоого акча жоктугун кошумчалады.
Белгилей кетсек, өкмөт 2014-жылы электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 20 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 38 тыйын деп бекитилген.
Өкмөттүн башка чечими менен 2015-жылдын 31-мартынан баштап электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 82 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 97 тыйын деп бекитилген. 2015-жылдын 1-августунан тарта тарифтер кайра өзгөргөн. 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлганы маалым. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйын деп бекитилген. Учурда ушул тариф күчүндө.