Транспорт жана жол министрлигин жетектеп келген Замирбек Айдаров (сүрөттө) "тендерде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп айыпталууда. Бул тууралуу 8-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында комитет төрагасы Жаныбек Бакчиев айтты. Айтымында, Айдаров Бишкек-Кара-Балта трассасын жаңылоого тийиштүү тендерге кийлигишип, кытайлык "Чайна Рейвэй" компаниясын алдыга сүрөгөнүн УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ырастаган. Анын кийлигишүүсүнүн бир далили катары тендер аяктайын деп калганда тендердик комиссиянын төрагасынын алмашып кеткени айтылууда. Замирбек Айдаровго "кызматтык абалынан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экени, Коррупцияга каршы кызмат материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп бергени айтылат маалыматта.
Буга чейин Замирбек Айдаровдун кытайлык компаниянын автоунаасын пайдаланып жүргөнү ачыкка чыгып, чиновник унааны компанияга кайтарып берген. Айдаров жаңы өкмөттүн курамына кирбейт. Анын ордуна Жамшит Калиловдун талапкерлиги сунушталууда. Өкмөттүн жаңы курамы парламентте каралууда, бүгүн шайланат.
Белгилей кетсек, аталган министрликтин мурунку жетекчиси Аргынбек Малабаев да жол курууга тийиштүү тендер чуусуна байланыштуу кызматтан алынган.