2016-жылдын 10 айында өрттөн 53 адам каза болгон

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2016-жылдын 10 айында өлкө аймагында жалпы 3058 өрт кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 пайызга аз. Ал эми өрт кырсыктарынын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдар 424 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле өрттөн 53 адам каза таап, 64 адам жабыркаган.

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 107 адамдын өмүрү жана 2 миллиард сомдон ашык товардык-материалдык баалуулуктар сакталып калган. Андан сырткары өрт кырсыктарынын кесепетинен 92 бирдик транспорт, 3856 тонна кесек тоют, 41 баш мал, 52 курулмалар жок болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Өрт кырсыктарынын келип чыгуу себептери:

  • Өрткө этиятсыздык менен мамиле кылуу – 39,5 пайыз;
  • Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык – 28,0 пайыз;
  • Балдардын от менен болгон шоктугу – 11,4 пайыз;
  • Мештерди жана морлорду туура эмес колдонуу – 5,6 пайыз.

Өрттүн жалпы санынын 54,4 пайызы турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (511), Чүй (832), Ош (447), Жалал-Абад (440) жана Ысык-Көл (297) облустарында катталган”, - деп билдиришти ӨКМдан.

Кышында өрттүн келип чыгышынын алдын алуу үчүн кандай коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл?

  • Бузук мештерди жана морлорду колдонбоо;
  • Колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоо;
  • Күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө сактабоо;
  • Жаш балдарды кароосуз калтырбоо;
  • Күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телевизор жана газ плиталарын кароосуз калтырбоо;
  • Электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоо.

Жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздук эрежелерин сактоого көңүл буруу зарыл. Муну менен ар бирибиз турак жайыбызды, мүлкүбүздү сактай алабыз. Ошондой эле өрт учурунда адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусун алдын алган болобуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан