Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү: "Көлдүк айылындагы кооптуу абалдагы №12-мектеп 2017-жылдын куруу планына кирген"

Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы абалы оор мектептин ордуна 2017-жылы жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Дүйшөев билдирди.

"Мектептин абалын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү адистери текшерип, 2016-жылы 3-категориядагы кооптуу абалда деп тыянак чыгарып кетишкен. Биз Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогонбуз. Алар маселени өкмөткө жеткиришкен. Аталган мектептин курулушу 2017-жылдын куруу планына кирмей болгон", - деди Дүйшөев.

Маалыматка ылайык, аталган мектепте учурда 540 окуучу билим алат. Ал эми окуучуларга 35 мугалим таалим-тарбия берет. Билимкана 1928-1929-жылдары курулган.

Эске салсак, окурман бүгүн, 10-ноябрда "Элдик кабарга" №12-орто мектептин абалы өтө оор экенин, ошого карабай окуучулар окуусун улантып жатышканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан