Баткенде "акча алганы кетип, дайынсыз" делген 85 жаштагы пенсионер изделүүдө

Баткен шаарында "акча алганы кетип, дайынсыз" делген 85 жаштагы пенсионер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"10-ноябрь күнү 1931-жылы туулган Суксур Бурканова "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кетип, үйүнө кайрылып келген эмес. Балдары менен туугандары издөө иштерин жүргүзүп, бирок таба алышкан эмес. 12-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок натыйжа берген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, издөө иштери кечээ, 13-ноябрда да жүргүзүлүп, саат 18:50дө кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн да улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rejepova
2016-11-14 13:00:34
почта кызматынын начар экендигинин далили!
+7
Medina87
2016-11-14 14:57:57
85теги апага уйунон бироо коштоп чыкса бллмок экен.
Илгери почтальондор пенсияны уймо уй кирип беришээр эле.
Аман-эсен ьабылып калсын АПАТАЙ!
+3
meni_kut
2016-11-14 15:06:24
Супер Инфо кабардар болуп тургула.Табылып калса экен оо Аллахым!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан