2 жыл мурун бириккен "Республика" жана "Ата Журт" партиялары бөлүндү

2014-жылы бириккен "Республика" жана "Ата Журт" партиялары бөлүнүп, Бабанов-Ташиев тандеми бузулду. Партиянын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов жолугуп сүйлөшүп, экиге бөлүнүү чечимин кабыл алышканын, бул чечимге 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановдун бир катар келишим шарттарын аткарбагандыгы себеп болгонун 16-ноябрда "ата журтчу" Нурлан Шакиев билдирди.

Айтылгандарга таянсак, 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Республика-Ата Журт" катталып калгандыктан, Бабановдун командасы ушул партия менен шайлоого барат. "Ата Журт" партиясы айрым аймактар боюнча жергиликтүү шайлоодо өзүнчө чыгат. Кийинки шайлоолордо "Республика-Ата Журт" деген партия болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан