Украина "президент Петро Порошенконун үстүнөн тамаша уюштурууга катышты" деп Кыргыз мамлекетин айыптоодо. Орусиянын маалымат булактары 17-ноябрда жазгандай, Украина президентинин басма сөз катчысы Святослав Цеголко Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусусуз мындай телефондук сүйлөшүү уюштуруу мүмкүн эместигин айтты.
"Иликтөө көрсөттү, тилекке каршы, бул ишке Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышкан болуп чыгууда. Ошолор Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын телефон номурларын берип, сүйлөшүү уюштурууга көмөктөшкөн. Окуя болгондон кийин бир нече күн Украина тараптын телефон чалууларына жооп бербей коюшту", - дейт Цеголко. Украина тарап бул окуянын артында Орусия турат деген пикирде.
Буга чейин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Порошенкого телефон чалуу Кыргыз мамлекетинин аймагынан болгонун, президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ким сүйлөшкөнү иликтенип жатканын айткан.
Кечээ орусиялык пранкер Владимир Кузнецов (каймана аты Вован) социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөн аудиосун жарыялады.
Эскерте кетсек, Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдаган эле.