Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" кафесинин арт жагындагы бассейн өрттөнүп жатат. Өрт болжол менен саат 20:30 чамасында чыкты. Кызматкерлер өрт "парилкадан" чыгышы мүмкүн экенин айтышууда. Учурда өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат, 3 өрт өчүрүүчү унаа келди.