Бишкектин четиндеги "Риом авто" унаа базарында бастырманын чатыры карды көтөрө албай түшүп калды. Бул тууралуу 20-ноябрда окуянын күбөлөрү билдиришти. Бул кырдаалды айрым окурмандар "Республика-Ата Журт" партиясынын ишине сын айтууга мисал кылышты. "Айбек Баратов (аталган партиядан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер) өзүнүн базарындагы карды тазалап, андан кийин гана көчөгө чыгып муздарды тазалайбыз деп пиар жасаса жакшы болот эле", - дешти интернетте социалдык тармактын айрым колдонуучулары.
Аталган унаа базары "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык экени белгилүү. Партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышканы жатат.