Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султанов "президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тирешинин артында "үчүнчү" күчтөр турушу мүмкүн" деген оюн коомчулукка жарыя кылды.
"Атамбаев-Текебаев тиреши "үчүнчү" күчтөрдүн провокациясы болуп жүрбөсүн? Мындай күмөн саноо эч кимдин оюна келген жок беле?
Чынында, дүйнө, дүйнөлүк саясат көпчүлүк ойлогондон алда канча татаал экени талашсыз. Адамдын акылы эмнелерди гана ойлоп тапкан жок?! Кандай гана окуя болбосун, "Бул нерседен ким пайда көрөт?" деген суроонун айланасында талдоо жүргүзүү чындыкка жакындатышы керек.
Бул тирештен эки саясатчынын кимиси пайда тапты же табууда? Менимче, эч кимиси. Ал же бул тараптын убактылуу жеңиши – убактылуу гана "жеңиш". Тескерисинче, экөө тең бирин бири алсыратып, "үчүнчү" күчтөрдүн чырагына май тамызууда.
Бул долбоордун автору же авторлору ким болсо да, өлкөдөгү абалды, эки саясатчынын
кулк-мүнөздөрүн эске алып, план "А", "Б", "В"... "Яга" чейин иштелип чыккан болсо деле фантастика эмес деп ойлойм. Ошентип, "оюн" токтоосуз улана берет. Каармандардын эмес, авторлордун жеңишине чейин, анткени каармандар бири-бирине кол сунушар түрлөрү жок, авторлордун бактысына.
Авторлордун, "үчүнчү" күчтөрдүн бул оюнун, оюн сценарийин кантип бузууга болот? Сценарий эки гана негизги каармандан турбайт, активдүү жарандар, журналисттер, ЖМКлар дагы "оюндун" кошумча каармандары. Балким, кошумча каармандар "оюнга" катышуудан баш тартышса оюн бузулар?.." - деди Кылычбек Султанов.