Бишкекте өткөн 3 сутка ичинде 45тен ашуун жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, 18-ноябрдан 21-ноябрга чейин Бишкекте 45тен ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 20га жакын адам жабыркап, айрымдары ооруканага жаткырылган.
“Жол кырсыктарынын келип чыгышына негизинен жолдун тайгак болушу себеп болууда. Ошондой эле айрым айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышкан эмес. 3 сутка ичинде жөө адамды сүзүп, ал жерден качып кеткен 3 окуя катталды. Учурда айдоочулар изделүүдө”, - деди Таалай Бугубаев.